№32 ОМ Жалпы билим берүүчү №32 орто мектеп

“Тилчи, окумуштуу Касым Тыныстановго 120 жыл” аттуу райондук ачык сабак өтүү кароо-сынагы

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата “Тилчи, окумуштуу Касым Тыныстановго 120 жыл” темасында райондук ачык сабак өтүү кароо-сынагында 1-орунду багындырган биздин мектептин кыргыз тил жана адабият мугалими Барктабасова Элиза Уланбековнаны жеңиши менен жалпы жамааттын атынан куттуктайбыз!

Билим кымбат турарын ар бирибиз эске туталы. Түркөйлүк андан да кымбатка турарын эске туталы. Билимге салынган инвестиция эч качан жоголбойт, кайтарымы сөзсүз болот. Ошондуктан, элибизде: “Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы” деп айтылат.  Урматтуу, Элиза Уланбековна! Сиздин ишиӊиздин үзүрүн балдарыбыз, окуучуларыбыз жана жалпы мектеп көрө берсин!

Сизге чыӊ ден соолук, узак өмүр жана бакубаттык тилейбиз!