№32 ОМ Жалпы билим берүүчү №32 орто мектеп

Новости

НООРУЗ ЖАЗ МАЙРАМЫ Ошентип, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу Жаңы жылга, жаңы күнгө багыт алдык. Нооруздун тарыхы «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз […]
27.03.2024 18
Жыл сайын 5-мартта Кыргыз Республикасында улуттук баш кийим ак калпактын урматына “Ак калпак күнү”  белгиленип турат. Бул күн  Жогорку Кеңештин 2016- жылдын 29- июнундагы №825/6 – токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан кыргыздын […]
27.03.2024 23
17 март күнү №32 ЖББОМнин “Жаш эколог-туристтер ” ийриминин окуучулары спорттук ориентирлөө боюнча шаардык турнирге катышып келди.
27.03.2024 16
“Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «ӨЗ УКУГУҢДУ БИЛ» ДОЛБООРУнун алкагында 8, 9, 10-класстын окуучуларынан “жаштар клубу” түзүлгөн. Ал балдар 27-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына экскурцияга барышты. 112 кызматынын кызматкерлери балдарга жумуштагы кызыктуу окуялар, иштөө тартиби менен тааныштырышты.  
01.03.2024 19
Мезгилдин жүрөк өйүткөн азыркы көйгөйү мектеп окуучуларынын арасындагы майда рэкетчилик, хулигандык, кылмыштуулук болуп жатат. Арабызда бул көрүнүштөр күндөн күнгө күч алып баратканы байкалууда. Айрыкча шаар четинде мектептерде көбүрөөк байкалууда. Өспүрүм кез – инсандын калыптануу мезгили. Ушул учурда көпчүлүк уул-кыздарыбыз туура эмес жолдорго түшүп кетишет. Улуулардын айткан сөздөрүн укпай, адепсиз аракеттерди жасап жатышат. Кылмыштуулукка да ушул куракта көп барышат. […]
01.03.2024 24
21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Свердлов районунун мектептери арасында “Ырдайлы кыргыз ырларын” кароо- сынагы болуп өттү. Кароо-сынактын талабы башка улуттун өкүлдөрүнүн кыргыз тилиндеги белгилүү обондуу ырларды мыкты чеберчилик менен аткаруусу болчу. Бул сынакка № 32 орто мектептен Домшенко Лидия, Басалько Любовь, Матусеева Валентина катышып, Домшенко Лидия 2-орунга, ал эми Матусеева Валентина 3-орунга […]
27.02.2024 31
21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Свердлов районундагы мектептер арасында “Тил – достуктун ачкычы” аталышындагы изилдөө долбоордук кароо-сынак болуп өттү. Кароо-сынакка район ичинен 19 мектеп катышты. Бул кароо-сынакка №32 орто мектептин окуучулары Арыстанова Акмаанай жана Турдубаева Адина да катышты. Алар өзүнүн жетекчиси Турганова Жазгүл Бектурсуновна менен бирге Тыва улутунун тилин, маданиятын, тарыхын долбоордук […]
27.02.2024 33
21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө карата №32 орто мектебинде 6-класстардын арасында “Тил достуктун ачкычы ” аттуу фестиваль болуп өттү. Фестивалга орус, кыргыз класстарынын 6-класстары катышышты. Окуучулар 7 улуттун тарыхы, маданияты, тили, тамак-ашы, каада-салты, ыр, бийи менен тааныштырышты. Ошондой эле ар бир улут өзүнүн жасаган слайддарын, дубал гезиттерин тартып аны жактап беришти. 6-Б класс -Кыргыз […]
26.02.2024 26
Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык PISA сынагына биздин өлкө 2006-жылдан бери катыша баштады. Ошондогу алгачкы изилдөөгө өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан 201 билим берүү мекеме , 15 жаштагы (1990-жыл төрөлгөн) 5904 улан-кыздар окуу, математика жана табигый илимдер боюнча күч сынашты. Анда да Кыргызстан 57 өлкөнүн ичинен акыркы орунду ээлеген. Окуучулардын билимин баалоо багытында иш […]
26.02.2024 41
23-ФЕВРАЛЬ АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА “АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ” АТТУУ САЛТАНАТТУУ КЕЧЕ 2003-жылдан тартып Кыргызстанда Мекенди коргоочулар күнү мамлекеттик майрам катары расмий дем алыш күнү деп жарыяланган. Майрам Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Токтому менен өспүрүмдөргө аскер-патриоттук тарбия берүү, согуштун жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине татыктуу ардак жана сый урмат көрсөтүү максатында бекитилген.  Ошондон тартып « Мекенди […]
26.02.2024 45
2024-жылдын 10-февралында орус тили жана адабияты боюнча декада өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – мектеп окуучуларынын чыгармачылык жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө кызыгуусун арттыруу, гуманитардык илимдер тармагын таанып-билүү жана ага кызыгуусун өнүктүрүү жана окуучуларда башка өлкөлөрдүн руханий жана маданий мурастарына болгон сый мамилени калыптандыруу. Орус тилинин декадасы — окуучулар арасында орус тилин кеңири жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган атайын иш-чара. […]
26.02.2024 36
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борборунун “Жаш эколог – туристтер” бөлүмүнүн негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №32 орто мектебинин “Экология” ийриминин окуучулары жана ийрим жетекчиси Мамбеталиева Керез 2024-жылдын 17-февралында спорттук ориентирлөө боюнча семинарга катышып келдик.
19.02.2024 18
1 / 1112345...10...»