“Эл аралык балдарды коргоо күнү”
“Эл аралык балдарды коргоо күн” жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет, тагыраак айтканда 1-июнь күнү. Бул майрам 1949-жылдын ноябрь айында Франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгресинин чечими аркылуу уюшулган. Эң биринчи жолу бул майрам 1950-жылы өткөрүлгөн.
Эл аралык балдар күнүнүн желеги бар. Өсүүнү, жаныланууну жана жемиштүүлүктү символдоштурган жашыл фондогу жер шарынын тегерегинде стилдештирилген кызыл, сары, көк, ак жана кара түстөгү адамдардын фигуралары жайгаштырылган. Бул адамдын фигуралары ар түрдүүлүктү жана чыдамдуулукту символдоштурат. Ал эми ортосунда жайгашкан жер шары – бул биздин жалпы үйүбүздүн символу.
Албетте, бул күнү биздин мектепте да балдарды коргоо күнүнө өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн иш чаралар өткөрүлүп келет.
Балдарды коргоо күнүнө карата тарбия иштери боюнча директордун орун басары “Жакшы иштерди жасоо күнүн” уюштурду. Анын негизинде 1-июнь күнү мектептин 10-А,Б,В класстары биргеликте жалпы 1-2-класстын окуучуларын майрамы менен куттуктап, майрамдык жаркын маанай тартуулашып, ар бир жеткинчекке балмуздак белек кылышты.
Мындан сырткары 3-4-класстар арасында “Балалыктын түркүн түстөрү” аттуу сүрөт көргөзмө уюштурулду. Таланттуу окуучулар не бир сонун сүрөттөрдү тартышты.
Ошондой эле биздин таланттуу ырчы, бийчи, комузчу окуучуларыбыз жергиликтүү жаш өспүрүмдөр үчүн паркта чакан майрамдык концерт тартуулашты.
Жалпысынан 1-июнь бул балдарды жаркын келечекке алып барууга аракет кылуучу майрам деп койсок да болот, анткени бул майрамдын негизги максаты өсүп келе жаткан кичинекей муунду туура тарбиялап, жат көрүнүштөрдөн алыс кылып, жардамга муктаж болгон чүрпөлөргө жардам көрсөтүү күнү.
Комментарии