“Музыканын сыйкырдуу дүйнөсүндө”
21-майда саат 10:00 до музыка жана кружок иштеринин “Музыканын сыйкырдуу дүйнөсүндө”- аттуу жумалыгы эң жогорку деңгээлде болуп өттү.
Таланттуу окуучуларыбыздын эмгектерине күбө болуп, чоң программадагы отчёттук концертти көрүп, эс алып, кубат алдык. Ар түркүн ийримдерге катышкан окуучулар чимириле бийлеп да, ырдап да, комузда кол ойнотуп, жада калса актердук чеберчиликтерин көрсөтүп таң калтырышты.
Бул отчеттук концертке Искакова Венера Турсуналиевна жетектеген “Жеткинчек” ансамбли, Садыкакунова Гулмира Ахматовна жетектеген “Кыялкеч” балдар театры, “Устат-шакирт” комузчулар тобу, “Жаз” бийчилер тобу ж.б. бир топ таланттуу балдар өрнөктүү өнөрлөрүн тартуулашты.
Комментарии