Санариптештирүү – өнүгүүгө карай кадам!
Жагымдуу жаңылык! 1-июнь күнү, балдарды коргоо күнүн утурлай, биздин мектепте сонун иш чара болуп өттү. Мектебибизде электрондук китепкана ачылып, балдардын замандын талабына ылайык ар тараптан өнүгүүсүнө “чоң көрүпө” салынды. Электрондук китепкананын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, Свердлов районун акими, Райондук билим берүү борборунун директору өңдөнгөн сыйлуу коноктор келип, ак тилектерин айтышты. Мындай көңүл кубантарлык аземге ата-энелер да күбө болуп, сүйүнүп отурганы сезилип жатты. Жалпы мектеп жамааты, ата-энелер жана мектеп окуучулары ар бир окуучуга компьютер колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп, электрондук китепкана ачып, толук компьютерлер менен камсыз кылган Жогорку Кеңештин депутаты Мийзамидин Абдрахмановичке терең ыраазычылыгын билдиришти.
Билим берүү системасындагы санариптештирүү мектептердин ишин алга сүрөйт, билим берүүнү жакшыртат. Бул балдар үчүн эң сонун баалуу белек болду!
Комментарии