№32 ОМ Жалпы билим берүүчү №32 орто мектеп

Окуу-тарбиялык иштер

Окуу-тарбиялык иштер

Билим берүү уюмунун окуу-методикалык темасы:

«Мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, окуучулардын билим сапатын жогорулатууга салым кошуу»

Максаттар жана милдеттер:

  1. Мамлекеттик типтүү билим берүү программасын ишке ашыруу;
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, Билим берүү бөлүмүнүн жана райондук борбордук органдын буйруктарын аткаруу боюнча иштерди жүргүзүү;
  3. Жогору турган уюмдардын укуктук документтерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  4. Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн активдештирүү жана аныктоого багытталган ТКО, МКТны колдонуу менен иш-чараларды өткөрүүдө класс жетекчилердин ишин жакшыртуу;
  5. Мектептин мугалимдери жаңы стандарттарды жана окутуу методдорун колдонуу, окуучулардын алган теориялык билимдерин практикада колдонуу аркылуу окуучулардын билим сапатын жана жетишкендиктерин жогорулатууга салым кошуп, окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн активдештирүү;
  6. Ата-энелер комитеттеринин ролун уюштуруу жана активдештирүү, мектептин коомдук иштерине ата-энелерди тартуу жолу менен ата-энелер менен мектептин өз ара ишинин формасын жакшыртуу;
  7. Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, ТКО, МТБ кабинеттерин окутуу үчүн зарыл болгон окуу куралдары менен жабдуу иштери улантуу;
  8. Өсүп келе жаткан муундун чыгармачыл дараметин өнүктүрүүгө, алардын патриоттук сезимдерин жана Ата-Мекенди сүйүүгө, элдин этномаданий мурастарын сактап калууга тарбиялоого багытталган тарбия иштерин жүргүзүү.