№32 ОМ Жалпы билим берүүчү №32 орто мектеп

Социалдык-психологиялык кызмат

Мектептеги  социалдык-психологиялык кызмат

Мектептеги  социалдык-психологиялык кызмат администрациянын, педагогдордун, окуучулардын жана  анын  ата-энелеринин бири-бири  менен активдуу катышуусуна, ошол катышуу аркылуу балдарга чыныгы, тажрыйбалуу, өз убагында жардам берүүгө уюштурулган кызмат. Ошол ченемдин ичинде  окуучуларга индивидуалдык мамиле жасоо жана алардын социалдык-психологиялык жактарын билүү, аларга, ата-энелерине, мугалимдерге психологиялык  жардам берүү.

Социалдык-психологиялык кызмат

Психологиялык кеңеш- жардам кызматынын мааниси

Бул кызматтын мааниси анын максаты менен бирге ачылат. 
Психологдун жардамы окуучунун эң жакшы өнүгүүсүнө жана бир жерге, жаңы чөйрөгө оңой көнүүсүндө керектүү нерсени тандай алышына, анализ жасоодо, план түзүүдө, чечим чыгаруусунда зарыл болгон билим, билгичтик жана көндүмдөргө ээ болуусуна көмөктөшө турган профессионалдуу жардам. Бериле турган кеңеш баланын кишилик «мен» түшүнүгү калыптанып жатканда анын күчтүү, чыгармачыл, сынчыл ойлоно алган, аң сезимдүү чоңоюшуна таасир тийгизе турган өзгөчөлүктө болушуна басым жасалат. Мектеп психологу балдардын келечегине тиешелүү план түзүүдө, кесип тандоодо өзгөчө таасир тийгизет. Кеңештин туура берилүүсү келечек муундарды тарбиялоодо өтө маанилүү. Психологиялык кеңеш берүүнүн максаты – балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө камкордук көрүү. 

Эмнеге мындай кеңеш зарыл?

  • Коомубуз, өлкөбүз, мекендештер, алардын турмушка көз караштары, талаптары, керектөөлөрү, кызыгуулары, баалуулуктары түрдүү факторлорго байланыштуу дайыма өсүп, өнүгүп, өзгөрүүдө.
  • Технологиялык жана илимий ачылыштар, өнүгүүлөр коомдун ар тарабында өндүрүштө жана ар кандай мекеме- ишканалардын функциясында да өзгөрүү жаратты.
  • Саясий, экономикалык, маданий өзгөрүүлөр, революциялар, түрдүү баалуулуктар, эски жана жаңы өзгөргөн жүрүш-туруш нормалары, ал жүрүш-турушка талаптар бардык кишилерге таасирин тийгизип, алардын өздөрүн коргоосуз сезүүсүнө себеп болуп, оор абалга дуушар кылууда. Ушундай коомдук абалга кишинин көнүп жашоосуна кандайдыр бир жардам, колдоо керек болот.
  • Калктын саны көбөйүп, түрдүү себептерден улам айылдардан шаарларга агылган көчтүн натыйжасында шаар четинде жаңы конуштар пайда болуп, ал жерлерде жашаган калк түрдүү күнүмдүк тиричиликке эле эмес, ал жерге көнүүгө байланыштуу көптөгөн проблемалар менен алпурушууда. Мындай жашоо шарттарынын өзгөртүлүүсү, ага жараша өзгөргөн талаптар жаңы чөйрөгө көнүү үчүн атайын жол көрсөткөн жардам- кеңештерге зарылчылык туудурат.
  • Көптөгөн үй-бүлөдө энелердин иштегени, үйдөгү негизги жүктүн аялда болушу, балдарды тарбиялоо маселелери аларды дагы кошумча түйшүктөргө дуушар кылып, кайгыртат. Бул учурда үй бүлөгө сырттан кеңеш зарыл.
  • Бүт дүйнөдөгү кылмыштуулуктун, наркотикалык заттар колдонгондордун санынын күн санап көбөйүшү ж.б.у.с. абал ал проблемаларды азайтуу үчүн психологиялык кеңеш кызматынын зарылдыгын айтып турат.
  • Билим берүү системасындагы жаңылануулар, класстардагы окуучулардын санынын көбөйүшү же тескерисинче ички көчтөн улам азайышы, балдардын бири -бирине мамилесинин татаалдашы да мугалимдерге психологиялык кеңеш берүүнүн зарылдыгын тастыктайт.

Мектеп психологу балдарга жана ата-энелерге кызмат көрсөтүүдө төмөнкүлөрдү эске алуусу зарыл:

  • Окуучунун психологиясына зыян тийгизбеген, аң сезимин өстүрө турган китептерди окуусуна көз салуу. Мекен, мекенин сүйүү же башка өлкөлөр тууралуу маалымат берүүдө, өзүнүн терс ою болсо билдирбеши, «эр жигит» түшүнүгүнө өтө басым жасалбашы керек. «Тагдыр», «маңдай жазуусу», «тентек балдардын башына түшкөн жаман окуялар» тууралуу көп айтуу, балдардын өзүнө ишеничин азайтышы мүмкүн.
  • Өзгөчө өткөөл курактарында (уландык курак) балдар өздөрүн социалдык жактан жаңыдан жаралгандай сезишет. Себеби, ийгиликке жетүү, жекече ою, өзүнүн каалаганын жасоо үчүн үй бүлөсү менен өспүрүм арасында ар түрдүү пикир келишпестиктердин башталышы мүмкүн. Бул учур баланын кишилигинин, мүнөзүнүн калыптанышында маанилүү да, жоопкерчиликтүү да учур.
  • Коомдун, жакындарынын баладан көптү күткөнү да аны кыйнап коёт. Ата-эненин күткөнүн аткара албаган бала өзүн «жаман», «жетишсиз» деп сезип, чүнчүп кетет же тескерисинче, агрессивдүү болушу да күтүлөт. Психолог буга карап үй бүлөгө да, балага да жардам берет.

 

Мектеп психологунун негизги милдети:

Психолог- консультанттын негизги милдети – баланын өзүн таанып, өз жолун табуусуна жардам берүү. Мында баланын психологиялык жактан проблемасы болбогону, болсо да аны чечүү жолун билгени маанилүү. Психолог кеңештери аркылуу баланын өзүн түшүнүүсүнө, проблемасын чечүүсүнө, өзүнө ылайык туура чечим чыгара алуусуна, өз жөндөмүн өстүрүүсүнө, айлана чөйрөсүнө аяр мамиле кылуусуна үйрөтө алат.

Психолог:

– мектеп жетекчилиги менен бирге иштешип, жыл ичинде аткарылчу иштердин планын түзөт,
– мугалимдерге чогулушта пландагы иштердин канчалык аткарылганын билдирип турат.
– мектепте жүргүзүлө турган ар түрдүү тест, кеңештер, терапиялар кандай, качан, кимдерге, кайсы маселеге жараша жасала турганын, убагын белгилейт.
– психологиялык жардам ала турган балдарды тиешелүү медициналык борборлорго жөнөтөт.
– мектептеги ар түрдүү багыт берүү иштерине катышат.
– психологиялык кеңеш сааттарында эмнелер айтыла турган болсо, кыскача мазмунун класс жетекчиге жана мектеп мүдүрүнө берет.
– мындай кеңештер аркылуу башкалар менен байланышы начар болуп, уялчаак, тартынчаак, өзүнө ишене албаган, мектептеги ар кандай кружокторго, коомдук иштерге катышуудан корккон, сабактан ийгиликсиз болгону үчүн батына албаган же класста тартиби начар балдар менен иштешет.

Психологиялык кеңеш кызматы төмөнкү өзгөчөлүктөргө жараша берилет:

– кеңеш берүүдө кишиге жана анын өзүнүн чечимдерине урмат менен мамиле жасалуусу.
– психологиялык жол көрсөтүү кызматы окутуу- тарбиялоо ишинин бөлүнбөс жана толуктоочу бир бөлүгүн түзөт.
– окутуу- тарбиялоо ишинде баланын жекече өзгөчөлүгүн эске алып берилген кеңеш таасирдүү болот.
– психологиялык кеңеш бардык окуучу жана мугалимдерге ачык болуусу маанилүү.
– кеңеш берүүдө дайыма улантуучулук маанилүү.
– кеңеш берүүдө окуучунун көңүлдүү болуусу, өз каалоосу менен келиши маанилүү.
– кеңеш берүү иши мектептин жана балдардын керектөөсүнө жараша өзгөрөт.
– психологиялык кеңештер пландуу, программалуу, уюштурулуп, профессиналдуу түрдө өтүүсү керек.

 

Социалдык-психологиялык кызмат

Мектептин социалдык педагогу – бул окуучуларды аткарган иштеринен же укук бузууларды жасагандыгынан же жасабаганынан эмес, алардын инсандыгынан, үй-бүлөдөгү тарбиясынан, айлана-чөйрөсүнөн, кызыкчылыктарынан, ыктарынан жана муктаждыктарынан тааныган адам.

Негизги максат: сындырып, кайра тарбиялоо эмес, баланын инсандыгын өнүктүрүүнүн терс жолуна жол бербөөгө жардам берүү.

 

Социалдык педагогдун негизги милдеттери:

  • Баланын инсандыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү (физикалык, социалдык, руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык);
  •  Балага дүйнөнү кабыл алуу жана ага ыңгайлашуу процессинде өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтүү;
  • Баланы анын жашоо мейкиндигинде коргоо.

Иштин багыттары:

  • Коомдук иштерди уюштуруу (үй-бүлөлөргө социалдык, педагогикалык, консультациялык жардам көрсөтүү).
  • Оор турмуштук кырдаалда турган баланы коргоо жана жардам берүү. Окуу көйгөйлөрү бар, баарлашууда, адаптациялоодо кыйынчылыктары бар балдарга социалдык-педагогикалык колдоо көрсөтүү.
  • Дисфункциялуу үй-бүлөлөрдү аныктоо жана алар менен иштөө.
  • Тарбиялануучу балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ошондой эле майып жана өнүгүүсүндө кыйынчылыктары бар, майып балдары бар үй-бүлөлөр менен иштөө.
  • Профилактикалык иштер (турум-туруму жана баарлашуусу бузулган балдар менен иштөө, мектеп уставын бузгандарды мектеп ичинде каттоо).
  • Ата-энелер менен иштөө: баланы тарбиялоо жана социалдык-педагогикалык көйгөйлөрүн чечүү маселелери боюнча ата-энелерге кеңеш берүү.

Социалдык-психологиялык кызматСоциалдык-психологиялык кызмат

Социалдык-психологиялык кызматСоциалдык-психологиялык кызмат

Социалдык-психологиялык кызматСоциалдык-психологиялык кызматСоциалдык-психологиялык кызматСоциалдык-психологиялык кызматСоциалдык-психологиялык кызматСоциалдык-психологиялык кызмат

 

 

Планы работыОтчёты