№32 ОМ Жалпы билим берүүчү №32 орто мектеп

Усулдук кызматы

Усулдук кызматы

Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуунун, мектеп ишинин бүткүл системасын бир бүтүндүккө байланыштыруунун эң маанилүү каражаты методикалык кызмат болуп саналат.

Мектептин методикалык кызматы

  • билим берүү мекемесинин окуу процессине заманбап педагогикалык технологияларды камсыз кылуу, иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн ийкемдүү өнүгүп жаткан мектеп ичиндеги структура болуп саналат.

Мектептин методикалык кызматынын негизги ролу

– мугалимдин кесиптик ишинин жүрүшүндө педагогикалык колдоо көрсөтүүдө жана анын кесиптик муктаждыктарына ылайык педагогикалык колдоо көрсөтүүдө.

Мектептин усулдук бирикмесинин максаттары:

  • Мугалимдердин кесиптик камылгасын жана кесиптик чеберчилигин арттыруу,ошондой эле
    жаш мугалимдердин кесиптик өсүшүнө колдоо көрсөтүү.
  • Предметтер боюнча билим беруу тармактары окутуу сапатына ,максаттарына жана
    натыйжаларына карата бирдиктуу талаптарды камсыздоо .
  • Бирдиктуу билим берүү ,тарбиялоо инсанды жетилтүү жана калыптандыруу чөйрөсун
    камсыздоо,чыгармачыл иштөөгө шарт түзүү.
  • Мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун баалоо.

Мектептеги усулдук бирикменин милдеттери

  • Билим маселелери оюнча ченем жана усулдук документтерди иликтөө ,мектеп денгээлиндеги ченемдик документтерди (нускамаларды ,жоболорду,келишимдерди)иштеп чыгуу.
  • Мектеп компонентин тандоого жана түзүүгө катышуу.
  • Сабак берүүнүн түрдүүлүгүн жана ар кыл денгээлдүүлүгүн эске алып,предмет боюнча автордук окуу китептердин мазмунун иргөө жана түзүп чыгуу.
  • Предметтин окутулуш абалына талдоо жүргүзүү.
  • Тийиштүү тематика боюнча бири-биринин сабагына катышууну уюштуруу,жетишпеген натыйжаларды ар ким өзү жана биргелешип талдоо.
  • Предмет боюнча эксперименттик иш жүргүзүү.
  • Окуу кабинетине ,сабактын жабдылышына коюлуучу заманбап талаптарга ылайык предмет боюнча окутуу каражаттарын уюштуруу.
  • Усулдук бирикменин жаш мугалимдери менен иштешүү.
  • Мугалимдердин өз алдынча кесиптик билим алуусу ,кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарындагы иши жөнүндө ,чыгрмачыл иш сапарлар жөнүндө отчетторду угуу.

    Мектептеги усулдук бирикменин аткарган кызматтары.

  • Мектептеги иш планын ,усулдук темасын райондук , усулдук кабинеттердин сунуштарын чагылдыруучу усулдук бирикменин ишин пландоо.
  • Отурумдарды өткөрүү.
  • Семинардык сабактарды ,тренингдерди ,ачык сабктарды ж.у.с өткөрүү аркылуу мектептеги кесиптик чеберчиликти жогорулатуу тутумун уюштуруу.
  • Усулдук бирикменин предметтери боюнса класстан тышкаркы иштерди, конкурстардын материалдарын,олимпиадалык тапшырмалардын иштелмелерин даярдоо.

Усулдук бирикме мүчөлөрүнүн милдеттери

  • Кесипкөй чеберчилигин арттыруу жагынан иштөө.
  • Усулдук биикменин отурумдарына ,практикалык семинарларына ,алдынкы тажрыйба мектептерине ж.б.у.с. катышуу.
  • Педагогикалык ишмердигин өз алдынча талдоо иштерин өздөштүрүү.
  • Окуу предметтеринин сабак берууну диагноздоо ,божомолдоо ,пландоо маселелери боюнча материалдарды иштеп чыгуу.
  • Окуучуларды окутууну жана тарбиялоону натыйжалуу усулдары боюнча чыгармачыл отчетторду өткөрүү.
  • Жаш мугалимдерге жардам берүү.
  • Мектептин мугалимдери жана окуучулары учун предметтен сабак берүүнүн орчундуу маселелери боюнча кеп-кенеш өткөрүү.
  • Мектептин мугалимдери жана окуучулары үчүн илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу жана аларга катышуу.

Усулдук кызматыУсулдук кызматы

 

Табигый илимдер УБнин жетекчиси – Байгашкаева Алмагүл Жумагуловна
Гуманитардык илимдер УБнин жетекчиси – Жоомартова Индира
Башталгыч мектептердин УБнин жетекчиси – Козубекова Светлана Токтобековна
Орус тили жана адабияты УБнин жетекчиси – Махмудова Зульфия Ахметовна
Англис тили УБнин жетекчиси – Аликулова Бурабия Турдалиевна
Мамлекеттик тил, кыргыз тили жана адабияты УБнин жетекчиси – Ташматова Гүлзада Бегимовна
Класс жетекчилердин УБнин жетекчиси – Ополбек кызы Назира