№32 ОМ Жалпы билим берүүчү №32 орто мектеп

Таэквон-до GTF боюнча Азия чемпионаты-2024

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 6-октябрдан 10-октябрга чейин таэквон-до GTF түрү боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда биздин окуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыктарды жана жеңишке умтулуусун көрсөтүп, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Мелдешке ар кайсы өлкөнүн спортчулары катышып, мелдешти ого бетер курчутту.  Мелдешке ар кайсы өлкөнүн спортчулары катышып, мелдешти ого бетер курчутту. Биздин спортчуларды ушундай маанилүү иш-чарага даярдоодо мектебибиздин таэква-до клубунун машыктыруучусу Иманалиев Атай Аралбекович баш болгон машыктыруучулар командасынын эмгеги зор жана алардын ишинин жыйынтыгы менен сыймыктансак болот. Бул жетишкендиктер биздин спорт коомчулугубуздун жогорку деңгээлин, анын жаңы жетишкендиктерге умтулгандыгын дагы бир жолу баса белгилейт.

Катышуучулардын жалпы саны 600дөн ашык спортчу болду. Кыргыз курама командасынын атынан 78 спортчу катышты. Кыргызстан курамасынын чемпионаттагы жана Азия чемпионатындагы жыйынтыгы:

21 – алтын;

14- күмүш;

13 – коло.

Азия чемпионатынын алкагындагы “Түстүү белдер” фестивалында Кыргызстан командасынын жыйынтыгы:

46 – алтын;

23- күмүш;

9- коло.

Чемпионатта Кыргызстандын спортчуларынын ичинен биздин мектептин таланттуу спортсмендери өзүн мыкты көрсөтүштү:

Абдыбеков Адилет
10-11 жаш

Массоги — 1-орун
Пойнт-стоп — 1-орун
Хьенги — 3-орун

Максатов Данияр
15-17 жаш

Пойнт-стоп — 1-орун
Хьенги — 1-орун

Усупбеков Адэмир
10-11 жаш

Массоги — 1-орун
Пойнт-стоп — 1-орун
Хьенги — 1-орун

Усупбеков Арун
8-9 жаш

Пойнт-стоп — 1-орун
Хьенги — 1-орун

Жумабекова Сезим
15-17 жаш

Пойнт-стоп — 3-орун
Массоги — 3-орун

Юсупбекова Сезимгул
12-14 жаш

Массоги — 2-орун
Пойнт-стоп — 1-орун
Хьенги — 1-орун

Азиянын абсолюттук жеңүүчүсү болуп, үч дисциплина боюнча Азия чемпиону болгон Ажиходжаева Лейсанды өзгөчө белгилеп кетүү керек. Кыргызстан тарыхта биринчи жолу командалык таймашта 104 упай менен 3-орунду ээледи.

Биздин мектеп Кыргызстандын бир нече жолку чемпиондорунун мекени болгонуна сыймыктанабыз… Биздин спортчуларды жаңы максаттар жана турнирлер күтүп турат жана бул чемпионаттын тажрыйбасына таянсак, алар мындан ары дагы алдыга жыла аларына ишенебиз!

Таэквон-до GTF боюнча Азия чемпионаты-2024Таэквон-до GTF боюнча Азия чемпионаты-2024