2024-жылдын 27-29-сентябрында Кыргызстандын ориентир боюнча жаштар курама командасы Ташкентте өткөн «Чыгыш Азимут-2024» Биринчи Эл аралык спорттук багыттоо фестивалына катышты. Мелдешке Кыргызстандан 25 спортчу катышты, анын ичинен: жаштар курамасында 7 адам, Шопоков шаарынан 10 спортчу жана №32 жалпы билим берүү орто мектебинен 8 спортчу; ошондой эле Өзбекстандын жана Россиянын спортсмендери.
Мелдеш үч дистанцияда өттү: парктык спринт, классикалык дистанциядагы массалык старт жана шаардык спринт, мында катышуучулар 2ден 4 кмге чейинки аралыкка чуркашып, жерден 10-20 контролдук пункттарды (КП) табышы керек болчу. Бул мелдештер Каспий Лигасынын Кубогунун этабынын алкагында өткөрүлдү.
Аталган фестивалга биздин мектептеги 8-Е классынын окуучулары:
Озотова Адина,
Калыбекова Дилзар,
Асылбек кызы Тахмина,
Султан Фатима,
Ырысбеков Нурболот,
Шаршекеев Байжигит,
Эркинбеков Элдар мектебибиздин ардактуу мугалими Мамбеталиева Керез Өмүрбековнанын жетекчилиги астында абдан ийгиликтүү катышып, жеңиш менен кайтышты.