“Жеткинчек” бий жана музыкалык ансамбли – жетекчиси Искакова Венера Турсуналиевна. Бул ансамбль мектепте он төрт жылдан бери иштейт.
“Кыялкеч” театралдык ийрими – жетекчиси Садыкакунова Гүлмира Ахматовна. Топ жакында эле түзүлгөн, бирок сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келет.
Комуз ийрими – жетекчиси Шаршеев Данияр Асанбаевич. Комуз сабактарына ар кайсы класстын окуучулары келип, мектептин айланасындагы түрдүү иш -чараларга катышышат.
“Манастануу” ийрими – жетекчиси Болотбеков Чынгыз Болотбекович. Бул ийрим “Манас” эпосунун күйөрмандарына жана биздин мектептин манасчыларына арналган.
Воллейбол боюнча ийрим – жетекчиси Алтымышов Нарынбек Койчубекович
Стол үстүндөгү теннис ийримин Тойчубеков Канатбек Мааданбекович жетектейт.
Таэкван-до боюнча ийрим Иманалиев Атай Аралбековичтин жетекчилиги алдында ийгиликтүү иш алып барып келет. Бул ийримге катышкан окуучулар дүйнөлүк мелдештерде ийгилик жаратууда.
Корей тили боюнча ийрим
Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин алдындагы Корея Республикасынын Билим берүү Борбору Бишкек шаарындагы №32 мектепте корей тилинде сабактарды өткөрөт.
Информатика боюнча ийрим