Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин ИДН СОБунун инспектору, милициянын лейтенанты Темирбекова Алтынай Калыбековна 2024-жылдын 22-октябрында директордун тарбия иштери боюнча орун басары Самиева Н.Х. жана социалдык педагог Казакова Э.Н. менен биргеликте №32 орто мектептин 7а, 76, 7в, 7г, 7г, 7е, 8а, 86, 8в, 8д, 8г, 8е класстарынын окуучулары үчүн лекция өтүштү. Аталган лекцияга 350дөн ашык мектеп окуучусу катышты.
Лекция жыйын залда өтүп, рэкетчилик, бейбаштык тууралуу кыскача видеороликтер, жашы жете электер үчүн тарбиялоо колониясы тууралуу даректүү тасма жана «Укук бузуу», «Кылмыштуулук», «Мектептеги рэкет» жана «Рекет» деген темада слайд-шоу, презентациялар көрсөтүлдү.
Комментарии