Мамлекеттик тил – улуттук дөөлөт!
Бишкектеги №32 жалпы билим берүүчү мектебинде Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган «Мамлекеттик тил макамына 35 жыл» иш-чарасы болуп өттү.
2024-2025-окуу жылындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынан алкагында аталган окуу жайда 1-11-класстарга чейинки окуучулар арасында класстык сааттар, дубал гезеталардын сынагы, ачык сабактар уюштурлууда.
«Мамлекеттик тил макамына 35 жыл» иш-чарасынын жүрүшүндө кызыктуу концерттик программа уюштурулуп, 5-7-класстар дубал гезит даярдаса, жогорку класстар “Мамлекеттик тил – улуттук дөөлөт!” деген темада видеоролик даярдашты. Мугалимдер арасында «Ким баарынан сабаттуу?» аталышындагы жат жазуу сынагы өткөрүлдү.
Таалим-тарбиясы терең иш-чара окуучулардын концерттик программасы менен коштолуп, балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Балдар мектеп курагынан тартып кыргызча ой жүгүртүүсү үчүн кыргыз тили сабактарында көбүрөөк баарлашууга көңүл бурса, эне тилин жаштайынан билүүгө өбөлгө болот.
Комментарии