Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы жол эрежелерин сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылган. Балдардын өмүрү, ден-соолугу менен байланышкан маселе – жол
коопсуздугун камсыз кылуу максатында, жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу мектебибизде “Айдоочу-жөө жүргүнчү” профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Мектебибизге бекитилген Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспектору, милициянын майору Асратов Балабек, Биналиевич менен бирге жол-транспортук жаракат алуулардын алдын алуу жана жол эрежелери боюнча башталгыч класстардын окуучулары үчүн инструктаж өткөрдү.
Жана ошондой эле 8-октябрда театралдык цирк спектакли – «Жол кыймылынын эрежелери» окуучуларга көрсөтүлдү. Театралдаштырылган көрсөтүү кызыктуу эксперименттер жана жол эрежелери жөнүндө ырлар жана бийлерден тургандыгына байланыштуу окуучуларга абдан кызыктуу болду! Көрсөтүүнүн таасирдүүлүгүнөн балдар жол эрежелерин жана жолдо жүрүү эрежелерин кылдат үйрөнүштү!
Комментарии