“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМ-2024”
- мугалимдердин социалдык статусун жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
- мугалимдик кесипти жайылтуу;
- билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларына ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин алдынкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу;
- билим берүү уюмдарын ар тараптуу өнүктүрүүгө мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу.
Жогоруда аталган республикалык конкурска мектебибиздин математика мугалими Мавлян кызы Акылай катышты.
Конкурсту өткөрүү форматы боюнча кесиптик портфолио (электрондук вариант) даярдалды, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) конкурстун катышуучусунун анкетасы (эркин формада);
2) катышуучунун визиттик карточкасы (видеопрезентация формасында), анда катышуучу өзүнүн ишин, чыгармачылык изденүүлөрүн ишке ашырууну, педагогдун кесиптик өсүшүн, кесиптик активдүүлүгүн, билим берүүнү өнүктүрүүгө кандай жаңылыктарды алып келери көрсөтүлгөн педагогикалык кредо камтылат. Видеоматериалдын сапаттуу сүрөттөлүшү жана үн коштоосу болушу керек, 5 мүнөттөн ашпоого тийиш;
3) программанын максаттары жана милдеттери, окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруунун инновациялык методикалары, окутуунун жаңы технологиялары, окутуунун болжолдонгон натыйжалары, окуу-билим берүү процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу камтылган түшүндүрмө каты менен билим берүү программасы ж.б.
Мавлян кызы Акылай талап кылынган иштерди мыкты аткарып, кийинки этаптарга өтүп, райондук турда “Жылдын мыкты математика мугалими” номинациясына татыктуу болуп 2-орунду камсыз кылды. Ардак грамота жана ноутбук менен сыйланды.
Комментарии