Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуунун, мектеп ишинин бүткүл системасын бир бүтүндүккө байланыштыруунун эң маанилүү каражаты методикалык кызмат болуп саналат.
Мектептин методикалык кызматы
- билим берүү мекемесинин окуу процессине заманбап педагогикалык технологияларды камсыз кылуу, иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн ийкемдүү өнүгүп жаткан мектеп ичиндеги структура болуп саналат.
Мектептин методикалык кызматынын негизги ролу
– мугалимдин кесиптик ишинин жүрүшүндө педагогикалык колдоо көрсөтүүдө жана анын кесиптик муктаждыктарына ылайык педагогикалык колдоо көрсөтүүдө.
Мектептин усулдук бирикмесинин максаттары:
- Мугалимдердин кесиптик камылгасын жана кесиптик чеберчилигин арттыруу,ошондой эле
жаш мугалимдердин кесиптик өсүшүнө колдоо көрсөтүү. - Предметтер боюнча билим беруу тармактары окутуу сапатына ,максаттарына жана
натыйжаларына карата бирдиктуу талаптарды камсыздоо . - Бирдиктуу билим берүү ,тарбиялоо инсанды жетилтүү жана калыптандыруу чөйрөсун
камсыздоо,чыгармачыл иштөөгө шарт түзүү. - Мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун баалоо.
Мектептеги усулдук бирикменин милдеттери
- Билим маселелери оюнча ченем жана усулдук документтерди иликтөө ,мектеп денгээлиндеги ченемдик документтерди (нускамаларды ,жоболорду,келишимдерди)иштеп чыгуу.
- Мектеп компонентин тандоого жана түзүүгө катышуу.
- Сабак берүүнүн түрдүүлүгүн жана ар кыл денгээлдүүлүгүн эске алып,предмет боюнча автордук окуу китептердин мазмунун иргөө жана түзүп чыгуу.
- Предметтин окутулуш абалына талдоо жүргүзүү.
- Тийиштүү тематика боюнча бири-биринин сабагына катышууну уюштуруу,жетишпеген натыйжаларды ар ким өзү жана биргелешип талдоо.
- Предмет боюнча эксперименттик иш жүргүзүү.
- Окуу кабинетине ,сабактын жабдылышына коюлуучу заманбап талаптарга ылайык предмет боюнча окутуу каражаттарын уюштуруу.
- Усулдук бирикменин жаш мугалимдери менен иштешүү.
- Мугалимдердин өз алдынча кесиптик билим алуусу ,кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарындагы иши жөнүндө ,чыгрмачыл иш сапарлар жөнүндө отчетторду угуу.
Мектептеги усулдук бирикменин аткарган кызматтары.
- Мектептеги иш планын ,усулдук темасын райондук , усулдук кабинеттердин сунуштарын чагылдыруучу усулдук бирикменин ишин пландоо.
- Отурумдарды өткөрүү.
- Семинардык сабактарды ,тренингдерди ,ачык сабктарды ж.у.с өткөрүү аркылуу мектептеги кесиптик чеберчиликти жогорулатуу тутумун уюштуруу.
- Усулдук бирикменин предметтери боюнса класстан тышкаркы иштерди, конкурстардын материалдарын,олимпиадалык тапшырмалардын иштелмелерин даярдоо.
Усулдук бирикме мүчөлөрүнүн милдеттери
- Кесипкөй чеберчилигин арттыруу жагынан иштөө.
- Усулдук биикменин отурумдарына ,практикалык семинарларына ,алдынкы тажрыйба мектептерине ж.б.у.с. катышуу.
- Педагогикалык ишмердигин өз алдынча талдоо иштерин өздөштүрүү.
- Окуу предметтеринин сабак берууну диагноздоо ,божомолдоо ,пландоо маселелери боюнча материалдарды иштеп чыгуу.
- Окуучуларды окутууну жана тарбиялоону натыйжалуу усулдары боюнча чыгармачыл отчетторду өткөрүү.
- Жаш мугалимдерге жардам берүү.
- Мектептин мугалимдери жана окуучулары учун предметтен сабак берүүнүн орчундуу маселелери боюнча кеп-кенеш өткөрүү.
- Мектептин мугалимдери жана окуучулары үчүн илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу жана аларга катышуу.