№32 ОМ Жалпы билим берүүчү №32 орто мектеп

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТАЭКВОНДО GTF БОЮНЧА IV АЧЫК ЧЕМПИОНАТЫ

Эч кандай аша чаппай туруп, Кыргызстанда таэквондону (WT) согуш өнөрүнүн эң популярдуу түрлөрүнүн бири деп айта алабыз. Республиканын ар түрдүү райондорунан он миңден ашык уландар жана кыздар чыгышат. Биздин спортчулар абройлуу республикалык жана эл аралык мелдештерде ийгиликтүү чыгып, мектебибизге көп учурда жогорку деңгээлдеги сыйлыктарды алып келишет.

27-28-декабрь күндөрү Кыргызстандын борборунда 2021-жылдын башкы окуясы – GTF таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты өттү.

Мелдешке Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын курама командаларынын спортчулары катышты. Чемпионаттын негизги максаттары: таэквондо GTF спортун жайылтуу, сергек жашоо образын жайылтуу, жаш спортчулардын чеберчилик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле спорттук маанайды жана атаандаштыкты арттыруу.
Иш-чара “Газпром балдар үчүн” ишканасында өттү.