“Мыйзам жана мен” аттуу сүрөт сынагы
Март айында “Аялдарды колдоо” борбору менен биргеликте биздин мектептин 1-11-класстар аралыгында “Мыйзам жана мен” аттуу сүрөт сынагы жарыяланган. Окуучуларга адам укуктары жана эркиндиктери боюнча өз көз карашын көркөм чагылдыруу, аны визуалдаштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү! 🌟
Боёкторду, карандаштарды, маркерлерди, планшеттерди, гаджеттерди же башка материалдарды колдонуу менен окуучулар өзүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүн көрсөтүп, адам укуктарын, эркиндиктерин коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө идеяларын ишке ашырды. 1-11-класстардан жалпы 54 окуучу өздөрүнүн сүрөт тартуу жөмдөмдүүлүгүн көрсөтүп А3 форматында сүрөттөрүн тапшырышты. Жалпы 54 окуучунун жумушун талдап, анын ичинен 20 жакшы аткарылган жумуш финалга чыкты.
1. Эсенбекова Э. 2-д класс
2. Келдибекова Н. 3-б
3. Кудайкулов Н. 1-в
4. Кабылжанова А. 3-е
5. Кочкорбаев Н. 1-ж
6. Айылчиева Я. 4-в
7. Жунушалиев У. 1-ж
8. Сабирова Ш. 4-ж
9. Икрамов А. 8-г
10. Адилбекова А. 6-в
11. Кочкорова А. 7-г
12. Мидинова Ш. 10-а
13. Токтошова А. 7-д
14. Сабирова А. 7-г
15. Русланова А. 9-д
16. Маширапова С. 11-б
17. Ормонова А. 5-е
18. Занура М. 5-б
19. Кудайкулов Н. 7-б
20. Шайхиева Ю. 7-в
25-апрель “Аялдарды колдоо борборунун” кызматкерлери менен биргеликте мыкты аткарылган иштерди аныктоо жүргүзүлдү. Окуучуларды 1-4-класс, 5-8-класс, 9-11-класстар аралыгында, жаш өзгөчөлүгүнө карата бөлүп, мыктыларын аныктадык. Ар бир окуучу “мыйзам жана мен” темасынын алкагында өз ойлору менен бөлүшүп, тарткан сүрөтүндө эмнени чагылдырды ошону түшүндүрүп, өз ишин жактап берди.
Жыйынтыгында, сүрөт тарткан ар бир окуучуга суусундуктар жана шоколаддар таркатылды. Ал эми жеңүүчүлөргө рюкзак, термос жана башка керектүү окуу куралдары тапшырылды.
Комментарии