Айымдардын майрамы
Жаздын алгачкы майрамдарынын алдында мектебибизде 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык концерт болуп өттү.
Максаттар:
- балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, кыялдануусун, байкоосун, эс тутумун өнүктүрүү;
- балдарга иш-чарага катышуудан кубаныч тартуулоо;
- майрамдык маанай үчүн шарттарды түзүү.
Милдеттери:
- сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө, сулуулук сезимин калыптандырууга көмөктөшүү;
- эң жакын адамдарга – энелерге камкор мамиле кылуу сезимин тарбиялоо;
- коллективдин биримдигине, окуучуларга жалпы адамзаттык жана моралдык баалуулуктарды сиңирүү.
Мектеп окуучулары тарабынан даярдалган вокалдык номерлер жана бий композициялары бардык катышуучуларга, мугалимдерге өзгөчө жана жагымдуу эмоцияларды тартуулады. Майрамдык номерлер биздин апаларыбызга, чоң апаларыбызга, кыздарыбызга, мугалимдерибизге, бардык мектеп кызматкерлерине арналды. Бул күнү жаш-кары дебей бардык жигиттер айымдарга кубанычын, ыраазычылыгын, боорукердигин тартуулоого аракет кылышты. Окуучулар тарабынан өзбек бийи, грузин бийи бийленип, шаңдуу “АЗИЗ ЯР” аттуу ыр ырдалды. «УСТАТ ШАКИРТ КЕЛЕЧЕК» тобу «Апакем» аттуу көңүл балкыткан ырлары менен көңүл көтөрүштү. Ал эми 8Д,Е – класстарынын таланттуу окуучулары легендарлуу «БИЗ» тобунун “Адина” ыры менен салтанаттуу кечени көрккө бөлөштү.
Мээрим чачып көктөм жаздын келиши,
Сайлар толуп аппак кардын эриши.
Аялзаттын кадыр-баркын көтөрөт,
Жазгы майрам марттын ушул сегизи.
Кыш мезгилдин жазга кезек бериши,
Арык толуп, аппак кардын эриши.
Аялзаттын жан дүйнөсүн жаз кылган,
Жакшы майрам марттын ушул сегизи.
Комментарии