5-март — Ак калпак күнү
Жыл сайын 5-мартта Кыргыз Республикасында улуттук баш кийим ак калпактын урматына “Ак калпак күнү” белгиленип турат. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016- жылдын 29- июнундагы №825/6 – токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан кыргыздын улуттук баш кийими. Калпак аркылуу кыргыз элиңди, ак -мөңгүлүү Ала-Тоо жериңди, ак пейилдүү адамгерчилигиңди таанууга болот деп айтып келишкен. Мындай баш кийимибиз менен башка улуттан өзгөчөлөнүп турабыз. ”Бабабыз кийген ак калпак, баркына жетип жүрөлү” деген ыр саптары баш кийимдин баркын арттырат.
Биздин мектепте да ак калпак күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.
- Дубал газета уюштурулду.
- “Калпак – кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү” жасалган калпактардын көргөзмөсү.
- Жөө жүрүш уюштуруу
- “Асмандан жарык көрсөң, жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди, кыргыз деп бил” аттуу концерттик программа менен иш-чаралар соңуна чыкты.
Комментарии