“Ырдайлы кыргыз ырларын” кароо- сынагы
21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Свердлов районунун мектептери арасында “Ырдайлы кыргыз ырларын” кароо- сынагы болуп өттү. Кароо-сынактын талабы башка улуттун өкүлдөрүнүн кыргыз тилиндеги белгилүү обондуу ырларды мыкты чеберчилик менен аткаруусу болчу. Бул сынакка № 32 орто мектептен Домшенко Лидия, Басалько Любовь, Матусеева Валентина катышып, Домшенко Лидия 2-орунга, ал эми Матусеева Валентина 3-орунга ээ болуп сынактын шаардык этабына жолдомо алды.
Комментарии