КУТ ТОЛГОН НООРУЗ МАЙРАМЫ
НООРУЗ ЖАЗ МАЙРАМЫ
Ошентип, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу Жаңы жылга, жаңы күнгө багыт алдык.
Нооруздун тарыхы
«Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз – жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү. Бул күнү күн менен түн теңелет.
Тарыхтагы маалыматтарга таянсак, аталган майрам биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарда эле пайда болгон жана Заостра аттуу пайгамбар негиз салуучусу катары белгилүү. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, Ноорузда аткарылуучу жөрөлгөлөр ислам дини пайда болгонго чейин эле колдонулуп келген. Мисалы, эл бул майрамга 20 күн калганда “ушул жылы түшүм мол болсун” деген тилек менен карапа идиштерге арпа, буудай, буурчак өндүрүшкөн. Айрым бир маалыматтарда “Нооруз – Кудай Адамды жараткан жети күндүн биринчиси” деп берилет. Ал эми ислам дининде «Нооруз – периштелер сыйлаган күн, анткени алар ушул күнү жарык дүйнөдө пайда болушкан” деген да маалыматтар бар.
Бүгүнкү күндө
Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп, эски жылды узатуу, жаңы жылды тосуу үчүн ар кандай камылга көрүп келген. Мисалы, ар бир үй бүлө өз алдынча алдын-ала даярданып, жуунуп, таза кийимдерин кийишкен. Үй ичи, короо-жай, көчө тартипке салынып, тазаланган. Кир кийимдер жуулуп, бүтө элек иштер жаңы жылга калтырылбай бүтүрүлгөн. Ал эми майрамды өз деңгээлинде өткөрүү иш-аракеттерин «жыл ажыратыш» деп атап коюшкан. Ушундан улам «эски жыл ажырады, жаңы жыл жалгады» деп айтышкан. Бул күнү кыргыздар арча, адырашманды күйгүзүп, үй ичин жана короо-жайын аласташкан. Ошондой эле адамдар бири-бирине жакшы ой-тилектерин, каалоолорун билдиришип, белектерин тартуулашкан. Таарынычы барлар чын дилден бирин-бири кечирип, “бардык чыр-чатак, араздашуу эски жыл менен кетти” деп эсептешкен.Ошондуктан бул күнү бардык көйгөйдү унутуп, таарыныч, капачылыктарды артка таштап, Улуу күндү жагымдуу маанай менен тосуп алуу шарт.
Биздин мектепте
Жаз майрамына карата иш-чаралар биздин мектепте да болбой койгон жок.
- 8-11-класстар аралыгында дубал газеталарды тартып, балдар көркөм өнөргө болгон шыгын көрсөтүштү.
- 1-11-класстар аралыгында “Нооруз майрам-ырыс майрам” аттуу класстык сааттар өтүлдү.
- 4-10-класстар ортосунда кыргыздын улуттук оюндары көрсөтүлдү жана ойнолду.
- “Салам сага, санжыргалуу НООРУЗУМ” аттуу салтанаттуу майрам менен иш-чаралар жыйынтыкталды.
Комментарии