Кылмыштуулукту алдын алуу иштери
Мезгилдин жүрөк өйүткөн азыркы көйгөйү мектеп окуучуларынын арасындагы майда рэкетчилик, хулигандык, кылмыштуулук болуп жатат. Арабызда бул көрүнүштөр күндөн күнгө күч алып баратканы байкалууда. Айрыкча шаар четинде мектептерде көбүрөөк байкалууда.
Өспүрүм кез – инсандын калыптануу мезгили. Ушул учурда көпчүлүк уул-кыздарыбыз туура эмес жолдорго түшүп кетишет. Улуулардын айткан сөздөрүн укпай, адепсиз аракеттерди жасап жатышат. Кылмыштуулукка да ушул куракта көп барышат.
Кылмыштуулук:
- Орой сүйлөө, адеп эрежелерин сактабоо.
- Көралбастык , бирөөгө зыян келтирүү.
- Коомго туура эмес мамиледе болуу.
- Уурулук, каракчылык.
- Зордук – зомбулук.
- Баңгилик, аракечтик.
- Бейбаштык, хулигандык.
- Мушташуу, сөгүнүү.
- Сабакты көп калтыруу.
- Укук бузуу.
- Жүрүм-турум эрежесине каршы туруу ж.б.
Кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
- Сабакты көп калтырбоого аракеттенүү.
- Ата-эне менен тыгыз байланышта болуу.
- Мектептеги ар кандай ийримдерге катышуу.
- Бош убакытты туура пайдалануу.
- Улуулардын айткандарын угуу.
- Ыймандуу болуу.
Кимдер бул жолго барышат:
Кандай себептер менен:
- Рэкетчиликке барган бала өзүн кыйын сезет.
- Туура эмес тарбия, балага “коркпо” деген ата-эненин сөзү.
- Кароосуз калган балдар, бирөөнүн колунда тарбиялагандар.
- Коомдогу терс көрүнүштөрдү сыналгы, интернеттен көрүү.
- Баланын акчага муктаж болуусу.
- Бекерчилик, жалкоолук.
Уяттуулук ар дайым балага жакшылык алып келет. “Өсөрүбүз да, өчөрүбүз да тарбиядан”
“Майда кылмышты жазаласаң, чоң кылмыштын алдын аласың” демекчи мектеп ичиндеги түрдүү тартип бузууларды эскертип балдар инспектору 8-11-класстар арасында лекция өткөрдү.
Комментарии