“АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ”
23-ФЕВРАЛЬ АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА “АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ” АТТУУ САЛТАНАТТУУ КЕЧЕ
2003-жылдан тартып Кыргызстанда Мекенди коргоочулар күнү мамлекеттик майрам катары расмий дем алыш күнү деп жарыяланган.
Майрам Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Токтому менен өспүрүмдөргө аскер-патриоттук тарбия берүү, согуштун жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине татыктуу ардак жана сый урмат көрсөтүү максатында бекитилген. Ошондон тартып « Мекенди коргоочунун күнү» деп аталып калды. Бул
күнү аялдар, кыз-келиндер аталарына, өмүрлүк жолдошторуна, уулдарына өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, белек беришет.
21-февраль 15-февраль Афганчылар күнү жана 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата мектепте окуучулар жана мугалимдер үчүн концерттик программа тартууланып, майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрине караштуу борбордук армия үйүнүн коллективи чакырылды. Келген меймандар жаш муундарга патриоттук духта мекенди коргоого чакырган акыл-насаат сөздөрүн айтышып, майрамы менен куттукташты. Концерттик программада кыргыз композиторлорунун чыгармалары, согуш мезгилиндеги ырлар, аскердик-патриоттук жана популярдуу эстрадалык чыгармалар бар. Келген конокторго каалоо-тилектер айтылып, ыраазычылык тапшырылды жана сый тамак уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар эл-жерди сүйүүгө, аны көз карегиндей коргоого, патриот, ар-намыстуу, Ата Журттун чыныгы атуулу болууга шыктанышты.
Комментарии