Балдар тарбиясынын башаты- ата- эне!
23- апрель №32 ЖОББМде “Балдар тарбиясынын башаты- ата- эне” деген темада семинар- тренинг өтүлдү. Иш- чарага КББАнын Тарбия лабораториясынын башчысы Алымбаева Б.Б, КББАнын Филологиялык билим берүү лабораториясынын башчысы Батыркулова А. Б, КББАнын Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткаркы кошумча билим берүү лабораториясынын кызматкери Бейшенбаева Б.Т, К.Карасаев атындагы БМУнин педагогика жана психология кафедрасынын доценти Сабырова Э.С. жана 5-Е классынын окуучулары, ата- энелери катышты. Жогорку деңгээлде өтүлгөн семинар- тренингге ата- энелер активдүү катышты.
Алыбаева Б.Б. келген ата- энелерге, мектепке терең ыраазычылык билдирип мектептин китепкана фондуна класстык сааттын иштелмелери жазылган колдонмо китептерди, программаларды тапшырды.
Мектеп директору Бектурова Г.А. №32 мектеп БМУ, КББА менен болгон кызматташтыкта дагы көптөгөн иш- чаралар уюштуруларын айтып, келген конокторго ыраазычылык каттарын тапшырды.
Комментарии