“Жаш эколог-туристтер”
Туризм күнүнө карата №32 жалпы орто билим берүү мектебинде мастер-класстар өтүлдү. Палаткаларды тигүүнүн шарттары, тимбилдинг жана башка оюндардын тартибин түшүндүрүү, экология жаатында оюндар, улуттук оюндар уюштурулду. Бул иш-чаралардын, оюндардын артыкчылыгы окуучулардын көңүлүн ачуу менен гана чектелбестен, билим берүүчүлүк касиетинде.
Ошондой эле 6-апрель күнү “Канаттуулар майрамы” аттуу чакан иш-чара өткөрүштү. Жаш экологдор кызыл китепке кирген канаттуулардын 30-40 түрү бар экендигин, алардын биздин экологиябызга тийгизген таасири тууралуу да баса белгилешти. Жана да урал, кыргоол, сибир турнасы, үкү жана таранчы сындуу бир канча канаттуулар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Комментарии