Ч.АЙТМАТОВДУН ҮЙ-МУЗЕЙИНЕ ЭКСКУРСИЯ
16-апрель 8-А классынын класс жетекчиси Жанекова А.Т. жана 9-В классынын класс жетекчиси Байгашкаева А.Ж. Ч.Т.Айтматовдун үй-музейинде экскурсиялык класстык саат өткөрүштү.
8-9-класстын окуучулары белгилүү советтик жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык музейине барышты. Музей 2014-жылы Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында, жазуучу өмүрүнүн акыркы жылдарын өткөргөн үйдө ачылган. Ал каза болгондон кийин бул жерде анын аялы Мария Урматовна жана уулу Эльдар үй-бүлөсү менен жашашкан. 2009-жылы Айтматовдун үй-музейин түзүүнү чечишкен. Музей 2014-жылдын 12-декабрында ачылган.
Экскурсия абдан кызыктуу жана мазмундуу болду.
Комментарии