“Канаттуулар үчүн уяча”
Мектептеги “Канаттуулар үчүн уяча” аттуу иш-чарасы…
Биздин муундун көйгөйү – балдардын жаратылыш менен байланышы аз. Адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиле – азыркы учурдун актуалдуу маселеси. Экологиялык билим берүү жакынкы чөйрөнүн объектилери менен таанышуудан башталат, андыктан канаттуулар жана алардын уялары жөнүндө сөз кылабыз. Жердин жаратылышында канаттуулардын ролу эбегейсиз зор. Андыктан,балдарды канаттуулардын уялары менен тааныштырып, жаратылышты коргоого боюнча ой жүгүртүүсүнө таасир этебиз.
Иш-чаранын максаты: балдарда канаттуулардын уясынын мааниси жөнүндө билимдерди калыптандыруу, уялардын курулуу өзгөчөлүктөрүн билүү.
Милдеттери:
- Балдарда жерде жашаган тирүү жандыктар, канаттуулар, жөнүндө жалпыланган түшүнүктү калыптандыруу.
- Канаттуулардын уяларынын түрлөрү жана канаттуулардын жумурткаларынын өлчөмү менен тааныштыруу.
- Маанилүү жаратылыш ресурсу катары жаныбарлар дүйнөсүнө аң-сезимдүү, аяр мамилени калыптандыруу, инсандын экологиялык маданиятынын пайдубалын түптөө.
- Байкоочулукту, когнитивдик изилдөө иштерине кызыгууну, эмоционалдык жана эстетикалык сезимдерди, өз алдынчалыкты, активдүүлүктү, демилгени өнүктүрүү.
- Топто иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.
- Жаратылыш кубулуштарына кызыгуусун арттыруу, сууну урматтоо, аны үнөмдүү пайдалануу.
- Балдардын бири-бирине болгон кызыгуусун, достук мамилесин тарбиялоо.
Бул иш-чарага мектебибиздеги 4-5-класстарда окуган ынтызарлуу, көптү билүүгө умтулган окуучулардын баары катышты. Жада калса, ата-энелер да өз балдарына уя жасоодо көмөк көрсөтүштү. Класс жетекчилер ата-эне, окуучулар менен мектепти байланыштырып, коюлган максатка жеткирүүчү ортодогу көпүрө болуп беришти.
Комментарии