Орус тили усулдук бирикмесинин предметтик декадасы
2024-жылдын 10-февралында орус тили жана адабияты боюнча декада өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – мектеп окуучуларынын чыгармачылык жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө кызыгуусун арттыруу, гуманитардык илимдер тармагын таанып-билүү жана ага кызыгуусун өнүктүрүү жана окуучуларда башка өлкөлөрдүн руханий жана маданий мурастарына болгон сый мамилени калыптандыруу.
Орус тилинин декадасы — окуучулар арасында орус тилин кеңири жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган атайын иш-чара. Окурмандардын сабаттуулугун жогорулатуу, сөз байлыгын кеңейтүү жана баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлөт. Орус тилинин он күндүгүнүн аралыгында ар түрдүү иш-чаралар, мисалы, лекциялар, сынактар, оюндар, орус адабиятынын чыгармаларын окуу жана орус тилине болгон кызыгууну арттыруучу иш-чаралар, ачык сабактар уюштурулду. Бул декадада орус тили жана адабияты мугалимдери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, орус тилин жана адабиятын окутуудагы жаңы ыкмалар менен бөлүшүштү.
Комментарии