PISA-2025
Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык PISA сынагына биздин өлкө 2006-жылдан бери катыша баштады. Ошондогу алгачкы изилдөөгө өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан 201 билим берүү мекеме , 15 жаштагы (1990-жыл төрөлгөн) 5904 улан-кыздар окуу, математика жана табигый илимдер боюнча күч сынашты. Анда да Кыргызстан 57 өлкөнүн ичинен акыркы орунду ээлеген.
Окуучулардын билимин баалоо багытында иш алып барган PISA эл аралык борбору 2009-жылы жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык Кыргызстандагы окуучулардын билим деңгээли 65 өлкөнүн ичинен эң төмөн деп табылды. Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 59-орунга ээ болсо, мындан соң өлкө бийлиги аталган программага катышуудан баш тарткан. Азербайжан 64, Орусия 43-орунду ээледи.
Ал эми Кытай, Түштүк Корея, Финляндия , Канада, Япония өңдүү өлкөлөрдөгү окуучулардын билими жогорку деп бааланды.
- Ар бир жолку PISA сынагында изилдөөнүн жаңы цикли киргизилип турат. Мисалы, 2012- жылы каржылык сабаттуулукка, 2015-жылы көйгөйлөрдү чечүүгө, 2018- жылы глобалдык компетенцияларга же билгиликтерге басым жасалды.
- Ал эми PISA-2025 иликтөөсү көйгөйлөрдү чечүү, компьютердик сабаттуулук жана чет тилдери боюнча жүргүзүлөт.
Кезекте болуучу сынак үчүн мектептерде ПИЗАга багытталган түрдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Математика мугалими Мавлян кызы Акылай 6-класстар аралыгында интеллектиуалдык таймаш уюштурду.
Комментарии