“Тил достуктун ачкычы ” фестивалы
21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө карата №32 орто мектебинде 6-класстардын арасында “Тил достуктун ачкычы ” аттуу фестиваль болуп өттү. Фестивалга орус, кыргыз класстарынын 6-класстары катышышты. Окуучулар 7 улуттун тарыхы, маданияты, тили, тамак-ашы, каада-салты, ыр, бийи менен тааныштырышты. Ошондой эле ар бир улут өзүнүн жасаган слайддарын, дубал гезиттерин тартып аны жактап беришти.
- 6-Б класс -Кыргыз улутун
- 6-Г класс – Индия улутун
- 6-А класс – Орус улутун
- 6-Е класс – Өзбек улутун
- 6-Ж класс – Корей улутун
- 6-В класс – Англия улутун
- 6-Д класс – Түрк улутун көрсөтүштү.
Окуучулар жободо берилген ар бир тапшырманы мыкты аткарышты. Ар бир улуттун аткарган тапшырмасын калыстар тобу баалап турду. Жыйынтыгында 1-орунду өзбек улутун жактаган 6-Е класс алды. 2-орунду англия улутун жактаган 6-В класс жана түрк улутун жактаган 6-Д класс багындырды. 3-орун корей улутун көрсөткөн 6-Ж класска ыйгарылды.
Фестивалдын максаты:
- Улуттар аралык достукту чыңдоо.
- Элдин үрп-адат, каада-салттары аркылуу ыймандуулукка, патриоттуулукка тарбиялоо.
- Улуттар аралык биримдүүлүккө чакыруу болуп саналат.
Комментарии