“Тил – достуктун ачкычы” изилдөө долбоору
21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Свердлов районундагы мектептер арасында “Тил – достуктун ачкычы” аталышындагы изилдөө долбоордук кароо-сынак болуп өттү. Кароо-сынакка район ичинен 19 мектеп катышты. Бул кароо-сынакка №32 орто мектептин окуучулары Арыстанова Акмаанай жана Турдубаева Адина да катышты. Алар өзүнүн жетекчиси Турганова Жазгүл Бектурсуновна менен бирге Тыва улутунун тилин, маданиятын, тарыхын долбоордук изилдөөгө алышып, сынактагы ар бир жоболук тапшырмаларды мыкты деңгээлде аткарышып, 3-орунга ээ болушту.
Комментарии