“Жүрөгүмдү балдарга арнайм -2022”
Бишкек шаарындагы мыкты мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу максатында “Мен жүрөгүмдү балдарга арнайм” шаардык кароо-сынагы өткөрүлүүдө. Бул сынак Бишкек шаарынын мэриясы менен мэриянын билим берүү башкармалыгы тарабынан жыл сайын эки этап менен өткөрүлүп келет.
2022-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарындагы 32-орто мектептин базасында «Жүрөгүмдү балдарга арнайм -2022» райондук кароо-сынагына арналган иш-чара болуп өттү. Конкурска карата башталгыч класстын мугалими Иманакунова Алтынбубу Төлөгөновна 4-класс менен ачык сабак өттү.
Сабактын темасы: «Эрдик», окуучулар активдүү катышып, өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн, билимдерин, өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Бул иш-чаранын максаты – таланттуу жана чыгармачыл мугалимдерди аныктоо, колдоо, дем берүү, алардын кесиптик потенциалын өнүктүрүү, педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин окуу-тарбия иштерине дем берүү болуп саналат.
Комментарии