Жаратылышка жардам берүү менен биз өзүбүзгө жардам беребиз!
16-апрель күнү “Планетага жашоо тартуула” аттуу бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү ? ⠀
Бардык бүтүрүүчүлөр класс жетекчилер менен биргеликте мектептин аймагына көчөттөрдү отургузушту. Негизги максат – балдарды жана чоңдорду экологиялык кыймылга тартуу, жаратылышты сактоо, калыбына келтирүү жана жаратылышты коргоо көйгөйлөрүнө көңүл буруу. ⠀
Экология табият мыйзамдарын изилдөөчү илим. Ал эми жер бетиндеги ар бир адам өзү жашаган үйгө кам көрсө, анда жаратылыш бизге таза аба, дарыялардагы жана көлдөрдөгү таза суу, даамдуу жана пайдалуу мөмө-жемиштерди тартуулайт.
Жаратылышка жардам берүү менен биз өзүбүзгө жардам беребиз!
Комментарии