Жаз – тазалык жана тартипти калыбына келтире турган мезгил.
Жаз келди… Бул табияттын ойгонуу мезгили гана эмес, тазалык менен тартипти калыбына келтире турган мезгил. Биздин мектепте жазгы ишембиликтерди өткөрүү жакшы салт болуп калды. Демек, апрель айы шаарда, айылда, жер бетинде тазалыктын салттуу мезгили. 32-орто мектепте Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча алты айлыктын алкагында 9-апрель күнү окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер тарабынан салттуу жазгы ишембилик өткөрүлдү. Мектептин аймагы жана ага жакын аймак иретке келтирилди. Таштанды чыгаруу боюнча бир топ иштер аткарылды. Клумбада гүлдөр отургузулуп, роза гүлдөрүнүн курстары иштетилди, бак-дарактар акталды.
Комментарии